Кытай жана Россиянын Кыргызстандагы элчиликтерине бомба коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган жок

Кытай жана Россиянын Кыргызстандагы элчилигине бомба коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, бүгүн саат 10.45 чамасында 102 башкаруу пультуна Кытай менен Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн имараттарына жардыруучу заттар коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн.

«Биринчи Май РИИБдин, ошондой эле Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын борбордук ички иштер башкармалыгынын тергөө топтору жана жетекчилиги Россия менен Кытайдын элчиликтерине жөнөп кетишти. Окуя болгон жерге саперлор жана кинологдор келишти. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн эч кандай жардыргыч заттар жана түзүлүштөр табылган эмес. Фактылар маалымат журналдарына катталат. Чоо-жайы кийинчерээк маалымдалат», – деп билдиришти ведомстводон.