Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери район  ичиндеги айылдарды кыдырышып,  үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу, улуттар аралык чыр-чатактарды жана жай мезгилине байланыштуу сууга чөгүүлөрдү болтурбоо максатында жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды тынымсыз өткөрүшүүдө.

2022-жылдын 5-июль күнү Чүй районунун  ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы менен айылдарды кыдырышып, жергиликтүү тургундарга жай мезгилинде сууга чөгүүлөрдү алдын алуу боюнча бир катар кеңештерди беришти.   Өспүрүмдөрдүн сууга түшүүсүнө тыюу салынган көлмөлөргө, дарыяларга, каналдарга, агын сууларга «Сууга түшүүгө болбойт» деген эскертүү такталарын орнотушуп, өспүрүмдөр менен милиция кызматкерлери жолугушуп, коопсуздук чаралары боюнча айтып беришти. Жолугушууда  улуттар аралык чыр-чатактардын жана үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепеттери жана аларды алдын алуу боюнча да айтылып, жашоочулар менен кенен маек курулуп, ынтымак, бири-бирине болгон сый-урмат  бар жерде ар дайым өнүгүү бар экендигин милиция кызматкерлери эскертишти. Андан сырткары,  тартип сакчылары Чүй районунун  «Бурана» мунарасы музей-комплексине келген коноктор жана туристтер менен жолугушуп,  алардын коопсуздугу боюнча кеңештерди беришти.

Ошондой эле милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы боюнча маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында, үйлөнүү-үлпөт тойлорунда, дааталуу маареке майрамдарын майрамдоодо ысырапкерчиликти болтурбоо боюнча маселелерди көтөрүп, элди куру намыска алдырбоого үндөштү. Эл менен жолугушуу учурунда ККМ аппаратын соода-сатык түйүндөрүнө колдонуу боюнча маалыматтар берилип, жаралган суроолорго так жооптор берилди.

Бүгүн Чүй районунун аймагындагы 28 мектептин  9-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн аттестат тапшыруу аземинде милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана  коопсуздукту камсыздашты.

ИИМдин Басма сөз кызматы