Ленин райондук сотунун судьясынын диплому жасалма экендиги аныкталды. Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин билими тууралуу жасалма диплому болушу жана колдонулушу боюнча КР президентинин тапшырмасын аткаруунун алкагында, кечээ, 4-июлда УКМК тарабынан Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Т.М. жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алуу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнүн («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголду.

2003-жылы Т.М. КУУнун экономика факультетинин 3-курсунда окуп жүрүп, ушул эле окуу жайдын юридикалык факультетинин 1-курсуна мыйзамсыз түрдө тапшырган.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары, анын ичинде судья Т.М. жогорку билими тууралуу жазалма дипломду пайдалануу фактысын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.