2017-жылы эки инстанциядагы соттор КР Башкы прокурорунун жана экс-президент А.Атамбаевдин «PROMEDIA» коомдук фондуна, анын уюштуруучусуна (ал дагы талаштуу үч макаланын автору) Нарынбек Идиновго жана ар-намысты коргоо боюнча беш доо арызын канааттандырган.

ZANOZA веб-сайтынын башкы редактору (ал дагы PROMEDIA ПФнын тең негиздөөчүсү) Дина Маслова. Алар ошол учурда Атамбаевге 27 миллион сом төлөшү керек болчу. Төлөй  турган моралдык компенсациянын жалпы суммасы 40 миллион сомду түзөт. Тилекке каршы, болуп өткөн соттук териштирүүлөр соттолуучулардын сөз эркиндигине, ошондой эле адилет соттук териштирүүгө болгон конституциялык укуктары толугу менен этибарга алынбаганын көрсөтүп турат.

Бул Сорос Кыргызстан Фондунун изилдөөсүнөн үзүндү.

Ал эми Атамбаевдин доорунда жапа чеккен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө эскертип коюш керек, азыр андай нерсе жок, бирок ашыкча сөз эркиндиги деп коомчулукка ар кандай провокациялуу маалыматтарды таратуу да элдин нааразычылыгын туудурууда. Азыркы учурда  бир да массалык маалымат каражаттары мурунку бийликтегилердей болуп соттошуу, миллиондук айыппул салына элек.  Бирок чыдоонун да чеги болот.  Алсак, Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы  чыр чатак боюнча бир тараптуу маалыматтарды чыгарган азыркы “Кактус” маалымат агенттигине да эскертүү катуу берилип, Баткен элинин нааразычылыгы чыккан. Ал маалыматта Тажик тараптын өздөрүнүн мамлекетине ыңгайлаштырылып жазылган, бир тараптуу маалыматты эч өзгөртүүсүн жана шилтемесиз берип салган.

Андыктан, коомго  маалымат таратууда этият болсо деген гана максат.

Сагынбек Аманкулов, юрист