Бүгүн, 6-июлда Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында Ички иштер министрлиги жана “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонду жана Saferworld уюму менен кызматташтык долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы АКШнын Элчилигинин  Баңгизаттар жана укук коргоо органдары менен байланышкан эл аралык иштер боюнча бюросунун колдоосунун астында коомдук алдын алуу борборунун имаратынын ачылуу аземи болду.

Ачылуу аземге Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары Кубанычбек Колдошов, Баткен  районунун акими  Учкун Жоробаев, Баткен районунун ички иштер бөлүмүнүн начальниги Алмазбек Шагамурзаев, КААБдын мүчөлөрү, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар катышышты.

Бул коомдук алдын алуу борборунда аксакалдар соту, аялдар кеңеши ошондой эле жаштар кеңеши милициянын участкалык уполномоченныйы менен биргеликте жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алышып, иш алып барышат.

КААБтын ар бир мүчөлөрүнө өз алдынча иш бөлмөлөр бөлүнүп берилип, заманбап техника, эмеректер менен камсыздалган.

Программанын алкагында 2021-22-жылдары Ак-Татыр коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) капиталдык курулушуна  400 000 сом, компьютердик жабдуулар, эмеректер менен камсыз кылууга 315 187 сомдук  финансылык жардам көрсөтүлгөн, Ак-Татыр айыл аймагы тарабынан  курулуш иштерине 1 115 739 сом  жардам берилген.

Жергиликтүү милиция кызматкерлерине Ак-Татыр айыл тургундарынын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кошкон салымы, көрсөткөн жардамы жана кызматташтыгы үчүн, ошондой эле аймактык пунктунун курулушуна жакындан жардам берген жарандарга терең ыраазычылык билдирилип, Кыргыз Республикасынын ИИМнин сыйлыктарды тапшырылды.

Коомдук алдын алуу борборлору жергиликтүү жашоочулар арасында алдын алуу иштерин жүргүзүшөт. Аларга түшкөн арыз-даттанууларды, мыйзамсыз аракеттерди жана жашоочулар арасындагы түшүнбөстүктөрдү кароо жана аларды чечүү боюнча жумуштарды жүргүзөт.

Ак-Татыр айыл аймагында 7 миңге чукул эл жашап, Ак-Татыр, Рават айылдарын камтыйт.

 

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы