Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Садыбакас ажы Дооловдун айткандары боюнча тактоо иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Дооловдун видеодо айтылган маалыматтары кандай максатта айтылгандыгы дагы текшерилет.

Эске салсак, социалдык тармактарда Садыбакас ажы Доолов өлкөдөгү эттин баасынын өсүшү тууралуу айткан сөзү тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.