Президент Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Кара-Көл шаарынын эли менен жолугушууда. Жолугушууга Жалал-Абад облусунун жана Кара-Көл шаарынын тиешелүү жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышууда.

Бүгүнкү жолугушуу учурунда Кара-Көл шаарынын  тургундары коомдук тартиптин сакталышы жана жарандардын турмуш-шартына байланышкан маселелер боюнча өз ойлорун ортого салышты. Жалпысынан жыйындар залында 500дөй адам чолгулган. Негизги суроолор ички жолдорду оңдоо, энергетикага байланыштуу,  турмушка байланыштуу ар кандай тактамаларды алууну жеңилдетүү, кадастр маселеси,  Кара-Көл шаарынын генпланы жок, шаар тургундары каттоого тура алышпай жатышкандыгы, үйлөрүнүн техникалык паспортторунун жоктугу, ГЭСте иштегендердин айлык акысы төмөн экендиги, дарыгерлердин жетишсиздиги жана ушул сыяктуу турмуш тиричиликке байланышкан маанилүү маселелерди чечип берүүнү суранышты. Ошондой эле Кара-Көл шаарынын аксакалдар кеңешинин төрагасы Камчыбек Көлбаев Кара-Көл шаарынын милициясынын көчмө кабылдамасына жаңы автоунаа берүүнү да суранды. Өз кезегинде ички иштер министри Улан Ниязбеков көчмө кабылдамага жаңы автоунаа бөлүп берүүнү убада кылды.

Кетмен-Төбө шаарчасына суу түтүктөрү тартылган, эски түтүктөрдү ошол  фирма алып кетип калганын айтып, жарандар ички иштер министрине бул маселени чечип берүүнү суранышкан. Өз кезегинде Улан Ниязбеков аталган факт боюнча тиешелүү арызын алып, мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн билдирди.

ИИМдин Басма сөз кызматы