Шаардын ысыгынан качып айылга келдик. Айылда баары соонун, жапжашыл бак-дарак, бутакта конуп моокум канганча сайраган булбул үнү. Шаарда жумушка баруу керек деп күн шашке болгондо араң турган жаным,  айылда саат 5 те эле уйкум канып, эрте туруп жаттым.

Кыргыздын жакшы бир салты бар, “шаардан келдиңер конок болуп чай ичип кеткиле” деген. Райондун борборунда жашаган жеңем конокко чакырып калды. Экөөбүз кечки салкын менен дүкөнгө чыгып, керектүү нерселерди алган соң, үйгө карай жол алдык.

Жеңемдин таанышы жолдон бизге кошулуп, кобурашып келе жаттык. Адатта келген конокко көчөдө көргөн адамды тааныштыра кетет эмеспизби. Анын сыңарындай, жол жээгинде жайгашкан кооз үйлөр, тескерисинче, короосун чөп басып каралбай калгандарын жанагы эже менен четинен айтып кирди. Мени өкүндүргөнү ушул кичинекей өлкөбүздүн ичинде, кичинекей бир шаарчада болуп жаткан окуялар болду.

Алгач эле жанагы эже көчөдө ойноп жүргөн киченекей баланын башынан сылап, жылуу учурушты. Арырак басканда:

-Карачы мончоктой бала муңайып. Эки жылдан бери апасын көрбөй куса болуп жүрөт. Алгачкы жылдары бала такыр көчөгө чыгып ойнобой калган, эми мына балдарга кошулуп ойноп калды. Байкуш бала билинбеген менен  аябай катуу стресс алды. Атасы 40 жашында үйлөнүп, өзүнөн 10 жаш кичүү кызды алды. Ал байкуш ооруп калганда, кайынэнеси “сен оорукчансың, мага мындай келин кереги жок”,  деп кетирип салды, — деди кошуна эже.

Чынында баланын жүзүндө нур жок, мостоюп, эне мээримине зар болуп, ары бери өткөн  аялдарды “менин апам  эмеспи” деп үмүт артып карагандай.

Ал баланы аялуу карап, эки кадам койгондо алдыдагы үйдөн, аялдын ачуу үнү чыгып, баласын урушуп жатыптыр.

-Байкуш эже кайрадан баласын урушуп жатат. Табият да жаңылат деген ушул белем же биздин эркектердин айбандыгы десемби билбейм. Бул эженин 5 баласы бар, биринчи жолдошу башка менен жашап кетип, эже балдары менен экинчи күйөөгө чыккан. Улуу баласы азыр эженин кийимдерин кийип,  кызга айланып бара жатат. Буга да эркектер күнөөлүү да. Бирөөнүн эр азамат болчу баласын кызга айланткан. Бала 18ге келип калды күн өткөн сайын өзүнүн энчилүү атын кызга айлантып, Бакыттан-Бактыгүлгө айланды. Балким өгөй атасы кол салдыбы же башка балдарбы билбейм, айтор “транс” деп эле калп эле тепкилешет. А бирок,  жалаң эркетер келип жүргөндөр, байкушту уруп-согуп кылчусун кылып кеткендер. Ары жактагы үйдү көрдүңбү, машина келип токтоп, ичинен курсагы билинип, билинбеген боюнда бар келин түштү. Анын күйөөсү Москвада, а бул болсо көнүлдөшү менен жүрөт мынтип чалчактап. Замандын бузулганы дейбиз, заман эмес адамдар өзүбүз бузулдук”, —  дейт жанагы эже үшкүрүгү таш жарып.

Мунун баарын угуп, мен кадимкидей нес болдум. Жаратылыш чындап адамзат табиятына караганда алда канча таза, адал экен. Бул нерсени Айтматов атабыз  “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу” деп так таамай ташка тамга баскандай айтып кеткен экен…

 Жазгүл Баяналиева

Бул баян “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.