Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн Сүлүктү шаарында 2 кабаттуу заманбап спорт комплексинин курулушу башталганын билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш ишинин капсула салуу аземине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, облустук мекеме-ишканалардын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аксакалдар жана шаар тургундары катышты.

Жалпы сметалык баасы 26 миллион сомду түзгөн спорт комплексинде спорттун волейбол, футбол жана баскетбол түрүнө ылайыкташкан атайын аянтчалар бар. Ал эми спортчулар үчүн толугу менен заманбап шарттары да каралган.

Комплекстин жалпы аянты 80 чарчы метр. Курулуш ишин 2022-жылдын октябрь-ноябрь айларына бүткөрүү пландаштырылган.