Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннелде күйүп кеткен электр кабелди алмаштыруу иштерине байланыштуу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен бидиришкендей, 7-8-9-июль күндөрү тоннель төмөнкү убакыт аралыгында жабылып турат:

Саат 4:00дөн 6:00гө чейин,
Саат 10:00 дөн 12:00гө чейин,
Саат 14:00дөн 16:00гө чейин.

Эске салсак, 5-июлда К.Көлбаев атындагы тоннелде унаанын күйүп кеткенине байланыштуу эки тараптан кыймыл убактылуу токтотулган.