Президент Садыр Жапаров балдарга карата жасалган терс көрүнүштөрдү кескин сындайт. Мындай билдирүүнү мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал 13 жашар секелек кыздын зомбулукка кабылышы, болгондо да милиция кызматкерлери тарабынан кордук көрүшү коомчулукту катуу дүрбөткөндүгүн билдирди.

«Коомчулукту адилеттүү жаалданткан бул окуяга шектүүлөр февралда кармалып, иштен бошотулуп, учурда бардыгы камакта. Азыркы учурда иш соттун кароосунда, адилеттүү жаза берилет деп ишенебиз.

Бул акмактардын аракети эч кандай актоого, же кандайдыр бир жагдайларды эске алып жазасына жеңилдик берүүгө жатпайт. Мындай зөөкүрлүккө баргандар мамлекеттик системада иштебеши керек. Коомчулук мындай акмактардан тазаланышы керек. Президент Жапаров мындай терс көрүнүштөрдү, айрыкча балдарга карата мындай мамилени кескин сындайт», — деди Султанбаев.

Ал ошондой эле мамлекет жашы жете электерге, балдарга карата зомбулукка жол бербөө багытында бардык аракеттерди мындан ары да көрө тургандыгын кошумчалады.