7-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 417 миллион кубометрди түздү. Мындай маалыматты «Электр станциялары» ААК билдирет.

Маалыматка караганда, кечээ суунун агып кириши секундасына 949 метр кубду, чыгымы секундасына 421 метр кубду түздү.

Бир жыл мурун Токтогулкадагы суунун көлөмү 11 миллиард 182 миллион кубометрди түзгөн.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,5 миллиард куб метрден азайган. Энергетиктер жылытуу мезгилинен кийин суу сактагычта 6-7 миллиард куб метр гана суу калышы мүмкүн деп чочулашкан. Айрым эксперттер бул Токтогул ГЭСинин токтоп калышына алып келиши мүмкүн деп эсептешкен.