Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев  «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын  жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Тенгиз Бөлтүрүк Азирети Муфтийди келе жаткан ыйык Курман айт майрамы менен куттуктаган.

“ Өз кезегинде, Азирети Муфтий  «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын эмгек жамаатынын ишине ийгилик каалап, Муфтияттын ишмердүүлүгү менен тааныштырды”, — деп айтылат маалыматта.

«Теңгиз Бөлтүрүк Курман айттын алдында барып куран окутту, курмандык кылды. Муфтиятка кандай жардам керек болсо беребиз деди», — деп кошумчалады «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин маалымат кызматынын башчысы Назира Ахмедова.