Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров Малдыбаев көчөсүндөгү Ала-Арча суусунун жээгинде жайгашкан жеңил объектилердин – күркөлөрдүн ээлери менен жолукту. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, калаа башчысы шаардыктардын көйгөйүн угуп, күркөлөрдү заманбап талаптарга ылайыкташтыруу, бирдиктүү стилде жасалгаланышы керектигин белгиледи. Ошондой эле менчик ээлеринен бардык укук белгилөөчү документтерди бир иретке келтирүүнү талап кылды.

Биринчи май райондук администрациясына «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте объектилерди бирдиктүү көркөм-эстетикалык көрүнүшкө келтирүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

«Жакынкы үйлөрдүн жашоочулары бул күркөлөрдүн сырткы көрүнүшү тууралуу бир нече жолу сурашкан. Биринчи май районунун акими жеринде жыйын өткөрүп, тиешелүү шаардык кызматтарга аталган объектилердин ээлеринен укук белгилөөчү документтердин бар-жогун текшерүүнү тапшырган», — деп айтылат маалыматта.