Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен башкы прокурор Курманкул Зулушев Чаткал районун эли менен жолугушту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев дагы катышты.

Бийлик өкүлдөрү менен жолугушууга ​​​​​​Жалал-Абад облусунун жана Чаткал районунун тиешелүү жетекчилери, жергиликтүү тургундардан 150дөй адам катышууда.

Жолугушууда тургундар Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүнө байланышкан нааразычылыктарын айтышып, тергөө учурунда калыстыктан тайып, экинчи тарапка жан тарткан учурлары байкалып жатканын, тергөө кызматы эч кимге тартпай акыйкат иш жүргүзүшү керектигин көзөмөлгө алууну жана тергелип жаткан иштерди Улан Ниязбековдон мыйзам чегинде чечип берүүсүн суранышып, мыйзам баарына бирдей болуш керек дешти.

Мындан тышкары, жергиликтүүлөр спорт зал, маданият үйүнүн, бала бакча, жетиштүү медициналык жардамдын жоктугун, оорукана, ипотекага байланыштуу бир катар көйгөйлөрдү чечип берүүнү сунашты.

Бийлик өкүлдөрү айтылган көйгөйлөр дарегине жетип, аларды чечүү аракети көрүлөрүн билдиришти.

Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров башкы прокурор менен ички иштер министрин жер-жерлерге чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасын койгон.