Кытайдын “История и гуманитарные науки” басылмасы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тууралуу макала жарыялады.

Анда мамлекет башчысынын президенттик кызматка келиши жана жүргүзүп жаткан саясаты тууралуу жазылган.

“50 жаштагы Жапаров абактан чыккандан бир жумадан кийин премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп, Жээнбеков кызматтан кеткенден кийин президенттин милдетин аткаруучу болуп калды. Мындай статустун өзгөрүшү дүйнө жүзүндө сейрек кездешет.

Октябрдын аягында Жапаров Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу болуп калды. Ал өкүл болгон “Мекенчил” партиясы парламенттеги эң чоң партия анын талапкерлигин президенттикке көрсөтүштү.

“Темир муштум” Жапаров Кыргызстанды кайра жандандыра алабы?

2021-жылы январь айында Кыргызстанда жалпы элдик шайлоо өтүп, жыйынтыгында Жапаров расмий түрдө легитимдүү президент болот. Бул күндү ал он жылдан ашык убакыт күткөн.

Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин алгач орус өкмөтүнө кайрылуу жолдоп, Путин ага куттуктоо каты менен жооп берген. Өз кезегинде Путиндин куттуктоосу Борбор Азия өлкөлөрү үчүн майтарылбас улуу бир тууганык катары таанылат.

2021-жылга чейин тышкы дүйнө чындыгында Жапаров жөнүндө абдан аз билген. Кантсе да Кыргызстан кичинекей өлкө болуп, ал эми Жапаровдун башкаруу жаатында буга чейин чоң тажрыйбасы болгон эмес.

Бирок президент болгон биринчи жылында эле Жапаров улуттук реформаларды жана коррупцияга каршы күрөштү жигердүү жүргүзүп, элди таң калтыра алды.

Биринчиси, коррупция менен күрөшүү жаатында. Коррупцияга каршы улуттук комиссиянын мурдагы директору катары Жапаров коррупцияны жек көрөт. Ал алгач ар кандай катмардагы адамдарды, андан кийин жогорку деңгээлдеги уюшулган топторду кармайт.

Маселен, электр энергетика тармагында ТЭЦтин эффективдүүлүгү өтө төмөн болгондуктан, алар гидроэнергетика, шамал энергиясын колдонууга каражат, технология жетишсиз болгондуктан Кытайга барып инвестиция салуу тууралуу кайрылат.

Ошондой эле эң башкысы, президенттин алдыга койгон максаты Жапаровдун кичи мекенинен куулуп кетишине себеп болгон “Кумтөр” кени эле. Ошол эле жылы кыргыз өкмөтү канадалык тоо-кен компаниясын өлкөдөн чыгарып, «Алтын тоону» улутташтырган жана тоо-кен иштерине байланышкан коррупциянын бетин ачкан.

Жапаров парламентте да тазалоо жүргүзгөн. Үй-бүлөсүн ала келген айрым “үй-бүлө мүчөлөрү”, кландык башкаруулар жоюлуп, Жогорку Кеңешке жаңы жүздөр чакырылып, парламенттеги атмосфера өзгөрдү.

Ошондон кийин бардык чет элдик басылмалар Жапаровдун “абактан президенттикке” жетекенине суктанышып, айрымдары аны “Путиндей темир муштум” деп мактап жазышты.

Эл аралык мамилелерде Жапаров өз өлкөсүнүн кадыр-баркын сактап калууга болгон күчүн жумшаган. 2021-жылы АКШ Кыргызстандагы авиабазаны Борбор Азиядагы таяныч катары ачуу өтүнүчү менен кайрылган.

Бирок Жапаров бул өтүнүчтү кескин түрдө четке кагып, Орусиянын Кыргызстанда аскерлери бар деген жөнөкөй эле себеп менен четке какты.

Жапаров АКШга сылык гана мындай деп жооп берди: «Бизде орус гарнизону бар, эгерде америкалыктарга уруксат берсек, мышык-чычкан оюнун уюштурабыз. Бул Кыргызстанга кереги жок, ”-деген Кыргызстан президенти деп жазат басылма.

История и гуманитарные науки

Авторское право © 2017-2022 Шэньси Лунван Пекин ICP №11041112-33