Азыркы учурда дүйнөдө электрондук соода абдан оожалып баратат. Ушул тапта ал кадимки классикалык финансылык тутумдан көз карандысыз болуп, капитализациясы 1 трлн. АКШ долларына барабар. 1,3 млн. жумушчу орундары түзүлүп, 400 млрд. АКШ доллары электрондук соодада айланууда.

Онлайн соода рейтингинде Кыргызстан 152 мамлекеттин ичинен 111 орунда турат, иш жүзүндө биздин өлкөнүн калкы уюлдук байланыш менен 139 пайыз камсыз болгонуна карабастан, болгону 3 гана пайыз товар, кызмат сатып алууну интернет аркылуу жүргүзөт.

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү КР Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте бул жаатта да ишти колго алып, бир топтон бери биздин орто жана чакан ишкерлерге колдоо көрсөтүп келе жатат. Так айтканда Евробиримдик каржылаган Эл аралык соода борборунун Ready4Trade Борбордук Азия долбоорунун катышуучулары өздөрүнүн белгилүү аралыктагы жетишкендиктеринин жыйынтыгын чыгарышты. Бир жарым жыл аралыгында 53 орто жана чакан ишканалар электрондук соода кылуунун базалык курстарын окуп, үйрөнүштү. Натыйжада бардыгы 1,9 млн. АКШ долларына жеткен онлайн сатууларга жетишкен.

Эл аралык соода борбору алгачкы онлайн каналды кандай ачуу, товарды туруктуу сатууга кандайча жетишүү, рыноктор менен кардарларды аныктоо, баалуулуктарга ээ сунуштарды иштеп чыгуу, онлайн платформаларды киргизүү, төлөм жана логистика провайдерлерине кошулуу, кардарларды санарип маркетингде колдоо сыяктуу иштерге машыктыруучулар аркылуу жардам берди. Пилоттук программага Кыргызстандын бардык аймактарынан текстиль, тигүү, кол өнөрчүлүк, кайра иштетилген азык-түлүктөр боюнча жалпысы 75 ишкана катышкан.

КР Экономика жана коммерция министринин орун басары В. Исаева мамлекет бул жаатта бардык аракеттерди жасай тургандыгын, экономиканы өнүктүрүү үчүн ушундай жаңы багыттарды ачуу менен электрондук соода жүргүзүүдө да татыктуу орун ээлөө зарыл экендигин айтты.

Ал эми аталган долбоордун негизги максаты — кыргызстандык ишкерлердин электрондук соодада иштөөсүнүн туруктуулугуна жетишүү.

Ушул долбоор менен иштешип келе жаткан ишкер айым Базаргүл Самиева өз пикирин мындайча билдирди:

«Мен көп жылдан бери тигүү өндүрүшүндө иштеп келем. Аялдардын сырткы кийимдерин тигебиз. Электрондук соодага бизди атайын окутуп, үйрөтүштү. Себеби ковид пандемиясынан кийин бизге онлайн сатууга өтүү боюнча билим керек болду. Алты айлык курстан өткөндөн кийин бир нече онлайн аянтчада өзүбүздүн продукцияны жарнамалап, кардарларды таап, алар менен иштешип жатабыз. Биз болгондо да өзүбүз тиккен көйнөк, кофталарды ала турган кардарларды издедик. Аз эмес, көп санда ала турганын караштырдык. Ошентип 4, 5 ири кардарды таап, алар менен иштешип жатабыз. Биздин кардарларыбыз негизинен Россияда, биз ал жактагы ири бренддердин буйрутмасы менен да, өз атыбыз менен дагы иштөөдөбүз. Мындан тышкары Wildberries эл аралык онлайн сатуу аянтына дагы чыга баштадык.

Биздин тигүү фабрикабызда учурда 80 тигүүчү иштеп жатат. Алар жумасына 10 миңден 15 миңге чейин айлык алышат.

Электрондук сооданын жакшы жагы, эгер продукцияны кардардын талабына ылайык сапаттуу чыгарып турсаң, абдан пайдалуу. Мурда бирден эле техникалык көзөмөл жүргүзө турган адис жана технолог болсо, азыр алардын ар бирин үчтөн кылып, сапатка басым жасап жатабыз», — дейт.