Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен бирдиктүү абадан коргонуу системасын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө буйрук берди.
Документ укуктук маалымат порталына жарыяланды. Бул сунуш Россия өкмөтүнөн түшкөнү айтылат.
Документке ылайык, Россиянын Коргоо министрлигине жана Тышкы иштер министрлигине Кыргызстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, ал келишим макулдашылгандан кийин Россия Федерациясынын атынан кол коюу тапшырылган.