Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Сизге жана Кыргызстандын дос элине жаркыраган Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктоолорубузду жана жакшы каалоолорубузду айтууга абдан кубанычтамын. Бүткүл дүйнө мусулмандары үчүн куттуу болгон бул майрам эзелтен бери гуманизмдин жогорку идеяларын символдоштуруп, бизди ар тараптуу өнүктүрүүгө, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана чыңдоого дайыма үндөп келет. Биргелешкен күч-аракеттердин аркасында биз бул жолдо мындан ары да жаңы ийгиликтерге жетишебиз жана элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык, тажик-кыргыз ынак коңшулук мамилелерин мындан да жогорку деңгээлге көтөрөрүбүзгө ишенем”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, туруктуулук, прогресс жана мындан аркы гүлдөп өнүгүү каалады.