Бүгүн, 11-июлда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы
Чүй облусунда +25…+30,
Таласта +24…+29,
Нарын, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +21…+26,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +27…+32 градусту көрсөтөт.
 Бишкекте +28…+30,
Ош шаарында +30…+32,
Чолпон-Атада +23…+25 градус болот.