Үстүбүздөгү жылдын июнь айында «Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 9 174 (же бир суткада 305 чалуу) кайрылуу түштү. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Анын ичинен 290 (78и жаш балдар, 212си чоңдор) адам консультация алуу же жардам көрсөтүүнү суранып чалган. Мындан улам 230 кишиге телефон аркылуу кеп-кеңеш, 22сине психологиялык консультация берилген. 38 кайрылуу башка органдардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруу сунушталган.
Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

социалдык жардам суроо – 107;

балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүү – 29;

финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү – 29;

балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилеси – 27;

психологиялык жактан жабыркоо – 20;

аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүү – 15;

балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 9;

үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 6;

мектептеги рэкет тууралуу – 3;

Ал эми 8 884ү адашып же максатсыз чалгандар.