LONDON - AUGUST 11: A glass of water is filled at a kitchen tap on August 11, 2008 in London, England. Thames Water bills are expected to have an annual rise of 3 percent more than inflation as water companies submit predicted finance plans for 2010 to 2015. (Photo by Cate Gillon/Getty Images)

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Улуу Британияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Түштүк жана Борбордук Азия, БУУ жана Шериктештик боюнча мамлекеттик министр Лорд Тарик Ахмад менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Анда эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки 30 жылдык кызматташтыктын жыйынтыгы чыгарылып, аларды саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарды мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушууда эки тараптуу мамилелер тууралуу, айрыкча соода-экономикалык тармакта пайдаланылбай жаткан чоң потенциал бар экени айтылды.

Адылбек Касымалиев айыл чарба, жеңил өнөр жай, энергиянын кайра жаралуучу булактары, жашыл, санариптик жана креативдүү экономика сыяктуу өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын белгиледи.

Ошондой эле ичүүчү таза сууну экспорттоодогу потенциалына жана аны Улуу Британиянын рыногуна жеткирүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Ошону менен катар Касымалиев Кыргыз Республикасы тоолуу республика катары чет элдик туристтер үчүн уникалдуу жер экенин жана тоо туризми боюнча биргелешкен долбоорлорду сунуштап жатканын баса белгиледи. Ал ошондой эле эки мамлекеттин ишкерлеринин катышуусунда кыргыз-британ инвестициялык форумун өткөрүү демилгесин билдирди.

Тарик Ахмад британ тараптын сунуштарды карап чыгууга, ошондой эле аларды ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.