Бүгүн, 12-июлда айрым аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн. Бул
тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас,
Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен
облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүшү мүмкүн.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир
райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт