ИИМдин Тергөө кызматы учурда мүлкү жана банк эсептери камакка алынган  “Ихсан Групп ЛТД”  коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармалыгына жана негиздөөчүлөрүнө карата козголгон кылмыш иштерин тергеп жатат.

Кооперативдин күмөндүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жарандарга миллиондогон сом зыян келтирилген.

Ички иштер министрлиги жарандарды сергек болууга, финансылык сабаттуулукту жогорулатууга, жеңил жана тез баюу убадаларына ишенбөөгө чакырат.

Эсиңизде болсун, олуттуу акчаны топтоо үчүн көп жылдар талап кылынат жана бир шашылыш чечимдин натыйжасында бир эле учурда бардык акча каражатыңызды жоготуп коюшуңуз мүмкүн.

Урматтуу жарандар, эгер сиз же сиздин жакындарыңыз «Ихсан Групп ЛТД» ЖЧКнын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жабыр тарткан болсо, токтоосуз түрдө Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсү №469 дарегине кайрылып же 0312 26 64 05, 0 709 11 45 74 телефондоруна, 102 кызматына байланышып коюңуздар.

Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга келтирилген зыяндын ордун тез арада толтуруу боюнча масштабдуу иликтөө, комплекстүү, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы