Бүгүн, 13-июлда Чүй, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүнүн көпчүлүк аймактарында, Таластын кээ бир жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы
Чүйдө +27…+32,
Таласта +26…+31,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34,
Ысык-Көл менен Нарын аймагында +21…+26 градус болот.
Бишкекте +30…+32
Чолпон Атада +21…+23 градуска жетет.