Кыргызстанда бир суткада СOVID-19 инфекциясынын 39 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, симптомдордун пайда болушуна байланыштуу 27 адам кайрылган. Импорттолгон эки учур (АКШ жана Казакстандан). Кетүүгө байланыштуу ПЦР-тест тапшырган 10 адамдан аныкталган.

34 бейтап амбулатордук дарыланса, 5 бейтап ооруканада жатат.

Бүгүнкү күндө бардык аймактар ​​жашыл зонада. Бирок акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден ашык, бул оорунун өсүшүнүн башталышын көрсөтүп турат.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан 201 282 коронавирус жана пневмония ооруусу катталды.