Президент Садыр Жапаров полковник Шабданбеков Тимур Маратовичти УКМКнын төрагасынын орун басары кызматына дайындады.

Шабданбеков башка кызматка дайындалган генерал-майор Апсатаров Бекбосун Жакшылыковичтин ордуна келди.

Шабданбеков 1974-жылы 28-мартта Фрунзе (Бишкек) шаарында туулган. 1996-жылы Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык жогорку мектебин аяктаган. Эмгек жолун 1996-жылы баштаган. 1999-жылдан бери улуттук коопсуздук органдарында ар кандай кызматтарда эмгектенген.

Ошондой эле УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматында иштеген.

2019-жылы 2-мартта президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен УКМКнын төрагасынын орун басары — УКМКнын 9-кызматынын (Күзөт кызматы) жетекчиси болуп дайындалган. Ошол эле жылы 7-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган.

Андан кийин УКМКнын Башкы башкармалыгынын жетекчиси кызматын аркалаган.