Таласта дарыгер кыздарга үйлөнгөн жигиттерге 50 миң сомдон бериле баштады. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Бакай Абдымалик соцтармактагы  баракчасына жазды.

Анын айтымында, облус башчысы Бакытбек Нарбеков 37 айыл өкмөттүн ар бирине барып, элге отчёт берген.

“Элдик жыйындарда Нарбеков дарыгерлердин жетишсиздигин чечүүнүн жолдорун айтып, дарыгер кыздарга үйлөнгөн жигиттерге 50 миң сомдон сүйүнчү берерин убадалаган. Бүгүн айткан сөзүнө туруп, Манас районунун Чоң-Капка айылынын тургундары, жаш жубайлар Чыңгыз Айдаралиев менен невролог Назгүл Жолдубай кызынын баш кошкондугуна байланыштуу 50 миң сомдук сүйүнчү сертификатын тапшырды”, — деп жазган Абдымалик.