«Ихсан групп ЛТД» кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы Б.А. аттуу жарандын баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу  ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук соту шектүүгө карата эки айга камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Белгилей кетсек, «Ихсан групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына 209-берене (алдамчылык), 210-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон.