Министрлер кабинети токтомдун долбоорун иштеп чыкты, ага ылайык, азиздер жана дүлөйлөр үчүн жеңилдиктер кайрадан берилет. Документ коомдук талкууга коюлду.

Белгиленгендей, электр жана жылуулук энергиясына, сууга, канализацияга, коммуналдык кызматтарга, газга, ошондой эле өндүрүштүк муктаждыктар үчүн чийки затты, материалдарды жана комплекттөөчү тетиктерди импорттоо үчүн тарифтер 50 пайызга төмөндөйт.

Шаардык, шаар четиндеги жана райондор аралык транспорттун бардык түрлөрүндө (таксиден башка) бекер жүрүү жана республиканын ичинде эки багыт боюнча жылына эки жолудан ашык эмес ички каттамдардын жана темир жол транспортунун наркына 50 проценттик жеңилдик белгиленет. Жөлөкпул I топтогу көрүүсү начар жаранды коштоп жүргөн адамга да тиешелүү.

Азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканалары өндүрүштүк максаттар үчүн ташылып келинген сырье, материалдар жана комплекттөөчү буюмдар үчүн бажы алымдарынан жана жыйымдарынан бошотулат. Ошондой эле Каржы министрлигине жыл сайын тифлоаппараттарды жана дүлөйлөр үчүн жабдыктарды сатып алуу үчүн коомго керектүү каражаттарды табуу тапшырылды.