Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилеринин биринин үйүнөн Кыргызстанга мыйзамсыз келген коңшу мамлекеттин 3 жараны табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин («Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү») негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Лейлек райондук ИИБ жетекчилеринин бири У.Ж.Н. үйүндө жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында Кыргызстанга мыйзамсыз келген коңшу мамлекеттин 3 жараны аныкталды.

Өз кезегинде кармалгандар Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгүн билип, кылмыш иштерин токтотуунун ордуна У.Ж.Н. аларга жашоосу жана мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү үчүн шарттарды түзгөн.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.