14-июлга карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы 47 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Билдирмеге караганда, коронавирус аныкталгандардын ичинен 40ы оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылса, жетөөнөн ПЦР-тест тапшырууда аныкталган.

«Илдет илештиргендердин бири ооруканага жаткырылып, 46сы медициналык жардамды амбулатордук шартта алууда», — деп айтылат маалыматта.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан 201 329 адамдан коронавирус аныкталган.