Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннель үч күн маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, электр кабелин алмаштырууга жана вентиляция системасын калыбына келтирүүгө байланыштуу тоннель 15-16-17-июль күндөрү убактылуу чектөөлөр киргизилет.

«Саат 04:00дөн 06:00гө чейин, саат 10:00дөн 12:00гө чейин жана 14:00дөн 16:0 гө чейин унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилет», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда тоннелдин ичинде унаа өрттөнүп, электр жарыгы жана вентиляция системасы жабыркаган. Тоннелдин дагы 500 метрдей аралыгын калыбына келтирүү керек.