Баткен шаарындагы Жеңиш паркынын аймагына 2021-жылдын апрель айындагы кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан улам курман болгон 36 адамдын жаркын элесине арналып эстелик тургузулат. Бул тууралуу Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда аталган башкармалык тарабынан тийиштүү иш кагаздары даярдалууда. Айкелдин эскизи жасалып, топографиялык изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат.