Февраль айында Кадамжай районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча социалдык контракт ишке киргизилген. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, долбоордун алкагында Кыргызстанда 2800 үй-бүлөгө чакан ишкана ачуу үчүн ар бирине 100 миң сомдон берилет. Бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн турмушун жакшыртат. Бул максаттарга 292 миллион сом бөлүнөт.