Чүйдө соттолгон жети өспүрүмгө окууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүк тапшырылды. Бул маалыматты Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматы таратты.

Балдарга күбөлүк Панфилов районундагы Вознесеновка айылындагы №14 тарбиялоочу мекемеде берилген.

«Мыйзам бузган жашы жете элек өспүрүмдөр кесиптик лицейди ийгиликтүү аяктап, техникалык адистикке ээ болду. Мугалимдер аларга тиешелүү сертификаттарды салтанаттуу түрдө тапшырды», — деп айтылат маалыматта.

№14 тарбиялоочу мекемеде кесиптик окуу жайдан сырткары мектеп дагы бар.