Кечээ, 17-июлда Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Анда Улуттук гвардиянын Ардак кароол ротасынын жана аскердик оркестрдин өздүк курамы шаардыктарга жана борбордун конокторуна саптык ыкмаларды көрсөтүштү. Ал эми “Пантера” атайын багыттагы аскер бөлүктүн десанттары өлкөнүн, министрликтин, Улуттук гвардиянын жана Бишкек шаарынын туулары менен аянтка парашют менен түшүштү.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жыл сайын 20-июлда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын күнү белгиленет.

1992-жылдын 20-июлунда Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын биринчи гвардиячылары Ата Мекенге берилгендигине ант берип, кызматтык милдеттерин аткарууга киришкен.

Улуттук гвардия — Кыргызстандын президентинин жарлыгы менен 1991-жылы декабрь айында Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияга ылайык, эгемендүү мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө Улуттук гвардия өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өзгөчө бөлүгү. Улуттук гвардиянын катарында кызмат өтөө ардактуу жана жоопкерчиликтүү. Гвардиянын катарында кызмат кылуу үчүн олуттуу тандоодон өтүү керек, жакшы физикалык даярдыгына жана чыдамкайлыгына өзгөчө көңүл бурулат.