USAID Баткен мөмө-жемиштерин өндүрүүчүлөргө ыңгайлуу баада экспорттоого көмөктөшөт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Грин Экспорт КейДжи» фермердик чарбасына жаңы тоңдургуч жабдууларын берди.

Жаңы жабдуулар «Грин Экспорт КейДжи» компаниясына күнүнө 20 тоннага чейин малинаны кайра иштетүүгө жана заматта тоңдуруу технологиясы малинаны узак мөөнөткө сактоого мүмкүндүк берип, малинаны коңшу өлкөлөргө экспорттоону көбөйтөт.

«Өндүрүш кубаттуулугу кеңейген «Грин Экспорт КейДжи» ишканасы Кадамжайда үй шартында малина өстүргөн 500дөн ашуун кожолук үчүн туруктуу кардарына айланды. Компания облуста өз ишин баштагандан бери 1 килограмм малинанын баасы орто эсеп менен 50 сомдон 200 сомго чейин көтөрүлүп, майда фермерлердин кирешесин бир топ жогорулатты.

4 млн сомдон ашык суммага мөмө-жемиштерди тоңдургуч жабдуулары USAIDдин «Агросоода» долбоорунун алкагында берилген. Бул шок-тоңдуруу технологиясы клетканын түзүлүшүн, бардык пайдалуу микроэлементтерди жана 85-90% витаминдерди сактап калууга мүмкүндүк берет.

«Малинаны өстүрүү жана сатуу боюнча сегиз жылдык, ал эми тоңдурулган азыктарды коңшу өлкөлөргө экспорттоо боюнча эки жылдык тажрыйбабыз бар. Азыр биз USAIDдин колдоосу менен өз ишмердүүлүгүбүздү кеңейтип, жергиликтүү фермерлер менен малинаны туура өстүрүү жана жыйноо боюнча түшүндүрүү иштерин улантууну көздөп жатабыз, бул сапаттын жана өндүрүштүн жакшырышына алып келет», — дейт мекеменин жетекчиси Акторо Саттаров.

USAIDдин «Агросоода» долбоору Кыргызстандын айыл чарба ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана Өзбекстан менен соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу жаңы жумуш орундарын жана кирешелерди көбөйтүүгө багытталган.