Билим берүү жана илим министрлигинде балдарга карата укук бузуулардын, кылмыштуулуктун жана зомбулуктун алдын алуу боюнча онлайн семинар өттү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, семинар райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жана жарандык сектордун өкүлдөрү үчүн уюштурулду.

Семинарга балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева, билим берүү жана илим министринин орун басарлары Надира Жусупбекова жана Уланбек Мамбетакунов, Билим берүү жана илим министринин Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева жана башкалар катышты.

Семинардын жүрүшүндө жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, сергек жашоого үйрөтүү боюнча сабактарды уюштуруу, балдарга жардам көрсөтүү эрежелери боюнча баяндамалар жасалды.

Белгилей кетсек, онлайн семинар КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, КРнын Ички иштер министрлиги, КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, КРнын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги, КРнын Коргоо министрлигинин балдарга карата укук бузууларды, кылмыштуулукту жана катаал мамилени алдын алуу боюнча ведомстволор аралык буйругунун аткарылышы боюнча өттү.