2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында бюджетке 104,5 миллиард сом түштү. Бул тууралуу  маалымат жыйынында Финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Бакетаев бюджетке канча киреше түшкөнү жана каражат кайда жумшалганы боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди, ошондой эле Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттерин же консолидацияланган бюджетти камтыган мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин ресурстарынын пландык көрсөткүчтөрү 188 миллиард сомго, ал эми анын аткарылышы 190 миллиард сомго жетти.

Бажы кызматынан 31 миллиард 726 миллион сом, Салык кызматынан 72,8 миллиард сом түшкөн. Былтыркыга салыштырмалуу көрсөткүч бир жарым эседен ашык – 53,4 пайызга өскөн.

«Мындай өсүү темпи каттала элек болчу. Буга чейин өсүш 9-12 пайызды түзгөн. Көрсөткүчтөр Салык кодексин башкаруу боюнча көрүлгөн чаралардын аркасында жетишилди. Бул дагы чек эмес, бирок бүгүнкү күндө коомчулук жана бизнес тарабынан берилген көптөгөн суроолор бар» , — деди министр.

Белгилей кетсек, бүгүн, 20-июлда Финансы, Экономика жана коммерция министрлери жарым жылда аткарган иштери тууралуу отчет берүүдө.