Эгемендүү Кыргызстан 30 жылдан бери өзүнүн башынан көп нерсени өткөрдү, ошого карабай учурда мамлекетибиз бир заматта дүркүрөп  өсүп кетпесе да, өнүгүү жолуна карай туура багыт алып, аз-аздан болсо да, карапайым элдин, жөнөкөй бюджет кызматкерлеринин жашоосуна көңүл бурула баштады.

Ал эми 30 жылда болуп көрбөгөндөй өсүп тамырлашкан коррупция менен курөшүү да УКМКнын жетекчилигине Камчыбек Ташиев келгени ийгиликтүү жүрүп, анын натыйжасында кыска убакыттын ичинде мекеме тарабынан мурдагы бийлик өкүлдөрү «лам» деп  ооз ача албаган  Матраимовдор сыяктуу олигархтар,   премьер-министрлер, депутаттар, министрлер жана башка ушул сыяктуу  жогорку кызматтагы аттуу баштуу чиновниктер кармалып, күнөөлөрүн мойнуна алып, 2020-жылдан бери  казынага  8 млрд сомго жакын акчаны кайтарып беришти.

Албетте, учурдагы бийликтин мындай аракети карапайым калктын басымдуу бөлүгүнө жакканы менен, мурдагыдай мамлекеттин акчасын каалагандай кенен ичип жеп көнгөн айрым адамдарга жакпашы мүмкүн.

Ошондуктан алар, акырындан жыландын башын кылтыйтып, тымызын өчүп бара жаткан чокту үйлөп, элди кантип козутуунун айласын таппай, Кыргызстан гана эмес, дүйнө жүзүндө болуп жаткан экономикалык кризис, пандемиянын, 30 жыл ичинде мурдагы бийликтин өкүлдөрү сазга батырып кеткен мамлекеттин  абалын, алар жыйнаган тышкы карызды бетине кармашып, мунун баарына азыркы бийликти күнөөлөгөнүн койбоду.  Буга алардын айрымдарынын да тиешеси бар экенин билип турса да, көрмөксөнгө салышып, кайра эле эл аралап, элге күйүмүш болуп, соцтармактан өлкөдөгү жакшы өзгөрүүлөрдү кайра бурмалап, баягыдай эле эптеп бир амалын таап, төңкөрүш уюштура калып, бийликке келип алсак дегенде эки көздөрү төрт болуп турган учуру.

Кубандырганы, эл деле кимдин ким экендигин билип калышты. Мына жакында медиктердин, мугалимдердин айлыктары көтөрүлүп жатат. Пенсия, жөлөк пулдар аз-аздан болсо да өсө баштады. Президент эл бийлик өкүлдөрүнө түздөн түз кайрыла тургандай көпүрө түзүп берип, аларга талапты катуу койду. Коррупция менен күрөшүү мектептен бала-бакчалардан башталды. Кудай буюрса, отуз жылда сазга баткан Кыргызстан аз-аздан болсо да өнүгүү жолуна түшүп, өз нугунда бара жатат. Андыктан, карапайым эл, айрым бузукуларды эске албаганда, революция, митинг дегендерден караманча тажады.