Баткендин Лейлек районунун тоолуу аймактарынын биринде 18-июль күнү чет өлкөнүн 37 жаштагы Н.А., аттуу жараны аныкталып, кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Ал мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, 2-июндан бери Лейлек районунун 64 жаштагы Б.И., аттуу тургунунун мал сарайында жумуш кылып, жан багып жүргөн.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (“Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде катталып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Ал эми мыйзамсыз миграция иштерин уюштурган 64 жаштагы Б.И.нын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.