Бүгүнкү күнү биздин башкы милдеттибиз – кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу болуп эсептелет. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруунун алкагында  Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси РСК Банк жана Банктар аралык процесстик борбору менен бирге улуттук стандарттагы QR-кодду колдонуу менен транспорт каражаттарды каттоо жана кайра каттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн QR-код аркылуу онлайн төлөмдү ишке киргизди.

Эми, «РСК 24» жана «Элкарт Мобайл» тиркемелеринин пайдалануучулары ошол эле жерде, тез, өзүнүн мобилдик тиркемелеринин жардамы менен, кассага басып барбай эле, QR-код аркылуу мамлекеттик тейлөө акысын төлөй алышат.

Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси учурдун талаптарына шайкеш келүү үчүн, мындан ары да кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын өркүндөтүүгө аракеттенет.

ИИМдин Басма сөз кызматы