Ички иштер министрлиги ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын бөлүм начальниги милициянын майору Улукбек Балагазыевдин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Улукбек Балагазыев 2022-жылдын 19-июлунда кечинде Ысык-Көл облусунда кызматтык милдеттерин аткаруу  учурунда жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, коллегия мүчөлөрү, ИИМдин Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу, ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамы кесиптешинин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтышат.

Биз аны ар дайым жакшы сөздөр менен эстейбиз. Кесиптештеринин эсинде Улукбек жоопкерчиликтүү, абийирдүү жана ак көңүл кызматкер, мыкты үй-бүлө башчысы катары эсибизде кала берет. 16-октябрда ал 36 жашка чыкмак.

Үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Бул биз үчүн чоң жоготуу. Улукбек Балагазыевдин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат!

Анын артында жубайы  жана эки баласы калды.

ИИМдин Басма сөз кызматы