Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Өлкө лидерлери эки тараптуу, көп тараптуу жана соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров түркмөн кесиптешинин келишин кубаттап, үстүбүздөгү жылы өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатканын жана бул аралыкта мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээли калыптангандыгын белгиледи.

Ал бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Түркмөнстан жакын дос, стратегиялык өнөктөш жана боордош өлкөлөрдөн экенин кошумчалады.

Садыр Жапаров белгилегендей, кыргыз тарап Түркмөнстанды маанилүү экономикалык өнөктөш катары карап, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана аны сапаттуу деңгээлде өнүктүрүүгө чоң маани берет.

Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосундагы кызматташтык мындан ары да ырааттуу өнүгүп, ал жаңы мазмун жана багыттарга толоруна ишенерин билдирди.

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Консультативдик жолугушуу Борбор Азия чөлкөмүнүн маселелерин талкуулоо үчүн жогорку деңгээлдеги байланыштын жаңы формасы болуп калганын баса белгиледи.

Сердар Бердымухамедов Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун жүрүшүндө кабыл алынышы жана кол коюлушу пландалган документтер аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы натыйжалуу кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн көмөк көрсөтөрүнө ишеним артарын билдирди.

Түркмөнстандын Президенти Кыргызстан менен эки тарапты тең кызыктырган бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда натыйжалуу кызматташууну улантууга даяр экенин айтты.