Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунда жыйындын катышуучуларынын астында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров: “Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында боордош өлкөлөрдүн лидерлери менен кереметүү Ысык-Көл көлүбүздүн жээгинде жүз көрүшүп жатканыбызга терең кубанычтабыз”, — деп кыргыз элинин жана өзүнүн атынан кесиптештерине салам айтты.

Мамлекет башчы ошондой эле бүгүн Консультативдик жолугушууга биринчи жолу катышып жаткан Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовго өзүнчө салам айтып, токтолду.

Ал Сердар Бердымухамедов Гурбангулы Бердымухамедовдун миссиясын улантып, Борбор Азиядагы интеграция жана кызматташтык маселелерине салым кошоруна ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусун ачык деп жарыялап, бүгүнкү диалог ийгиликтүү жана натыйжалуу болуп, бардык актуалдуу маселелерди талкуулоого жана аларды чечүүнүн жалпы жолдорун табууга мүмкүндүк берет деген бекем ишенимин белгиледи.