Кыргызстандагы Камбар-Ата ГЭС-1ди ишке киргизүү Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдейт. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.

Анын айтымында, Казакстан транс чек аралык дарыялардын суу ресурстарын өз ара пайдалуу шартта пайдалануу үчүн биргелешкен гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берет.

“Кыргызстанда Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору кызуу талкууланууда. Анын ишке кириши Борбор Азия мамлекеттеринин энергетикалык коопсуздугун чыңдап, айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүү үчүн шарттарды жакшыртат”, — деди ал.