Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда жалпы Борбор Азия телеканалын түзүүнү сунуштады.

«Өлкөлөрүбүздүн руханий жакындыгын эске алуу менен биз жалпы Борбор Азия телеканалын түзүүнү жана аймактын потенциалы, бул аймакта жашаган элдердин достугу жана биримдиги тууралуу маалымат берүүчү теледолбоорлордун сериясын, билим берүү тармагындагы бир катар теледолбоорлорду, биздин элдерибиздин тарыхы жана өзгөчөлүгү жөнүндөгү телерадио берүүлөрдү даярдоону сунуштайбыз», — деди Жапаров.

Анын айтуусуна караганда, Борбор Азия демографиялык жактан жаш аймак.

«Биздин өлкөлөрдө жашаган жаштар биздин аймактын келечектеги гүлдөшүнүн кыймылдаткычы болот. Жаш таланттарды бардык тармактарда: экономика, маданият, инновация боюнча колдоо иш-чараларын өткөрүшүбүз керек. Жаштарыбызга, алардын билим алуусуна, жогорку сапаттагы кадрларды даярдоосуна инвестиция салуу маанилүү деп эсептейбиз», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.