Учурда коомчулукта күбүр-шыбыр кеп жүрүп, «опозиция түптөлүп жатыптыр, биригиптир» деген маалыматтар айтылып жатат.  Ошол анча мынча чогулгандар, элдин атын жамынып, калктын жашоосун оңдойбуз дегендердин артында жасаган иштерине сарасеп салып көрөлу. Сап башында турган Равшан Жээнбеков.

Равшан Жээнбеков бир нече ирет  кармалып суракка алынып, ал тургай темир тор артында отуруп да чыкты. Анын негизги себеби Кой-Таштагы атышууда упай топтоо үчүн  бара калып, башаламандык уюштурган. Кырызстанда бир жыныстуу никени колдогон гейлердин парадында жүрдү. Батыштын  Кыргызстанга туура келбеген үрп-адатын таңуулап, элге жек көрундү болду, ал жактан грантын алып, алардын саясатын жүргүздү. Маалыматтарга караганда, «NEXT TV» телеканалы кытайлык компаниялардын бири менен келишим түзүп, өздөрүнө керектүү жабдууларды алып, Кытайдын агенти деген да имиш кептер айтылууда. Байкасак, буга чейин Аскар Акаев президент болуп турганда жаш министр катары мамлекеттик кызматтарда турса да Жээнбеков  Кыргызстан үчүн көзгө көрүнөөрлүк бир да пайдалуу иш жасабаптыр. Керек болсо өлкөдөгү бала-бакча маселесинин бүгүнкү күндө эң көйгөйлүү маселеге айлануусуна дал ушул Жээнбековдун салымы чоң. Аткени бала бакчаларды каалагандай менчиктеп, жеке жактарга пайдаланууга саткан.

ИСМАИЛ ИСАКОВ

Опозициянын катарында тургандардын бири Исмаил Исаков. Бул адамды Убактылуу Өкмөт түптөлгөндөн кийин укмуштуудай байыды деп айтып жүрүшөт. Коргоо министри кезинде армиядагы  солдаттар дунгандардын талаасына иштеп калган. Исаков  кийин 8 жылга эркинен ажыратылган. Генерал, депутат,  КСДПдан чыккан Исаков өмүр боюу  өзүнө окшогон “ажырашкандарды” чогултуп опозиция боло албай убара. Негизинде генералдын сөзу элге өтүмдүү, бир сүйлөгөн, мыктылардан болушу керек эле сыягы Исаков бул наамды адашып алгандардан.

КЕҢЕШБЕК ДҮЙШӨБАЕВ

Дүйшөбаев деген эргул да өмүр бою бийликке жетпей тапкан ташыганын токолуна каттатып иш кылган, аялдын артына жашынган адам. Бул адамдын 2010-жылдагы түштүктөгү  каргашалуу июнь окуясына таасири бар. Бул да Убактылуу Өкмөткө  мүчө болгондой кийин эбегейсиз байлыкка ээ болгон. Көрсө УӨ баарын эле Бакиевдерге шылтап, өлкөнүн казынасын каалагандай калчаган экен. Ал эми  Курманбек Бакиев болсо өлкөдөн байлык тургай өз жанын араң алып чыгып кеткенин айтат.

АДАХАН МАДУМАРОВ

Опозициямын деп дайыма көкүрөк каккан Адахан Мадумаров коомчулукка Каркыра жана Баткендеги жерлер менен атагы чыккан саясатчы. Бул киши Кыргызстан үчүн жасаган кымындай да жасаган жакшы иштерин эл билбейт.  Кооз сүйлөйт,  акылдуусунат, жаштардан кагуу жеп келет. Башкалардан өзүн жогору, акылдуу сезет.  Азыр көкүрөк кагып бул ишти Мадумаров жасады азамат экен деп сыймыктанчу  иши да жок. Артка кылчайыңыз караңыз, сөздөн башка иши жок.

ОРОЗАЙЫМ НАРМАТОВА

Адахан Мадумаровду акыркы жылдары жандап жүргөн Орозайым Нарматова устаттан шакирт өтөт болду. Ал акыркы Жогорку Кеңештин шайлоосунда депутат болуп келди. Бирок, жасалма  диплом менен абийри айрандай төгүлүп  депутаттык креслодон кетти. Диплому жасалма болгондугу үчүн унчукпай ордун бошотуп берди.  Эгер беш жыл  жогорку окуу жайда окуган диплому чын болсо анда аягына чейин күрөшүп, далилдей алмак. Бирок, далилдей алган жок. Ошентсе да азыркыга чейин бийликке сын айтып, какшыктап, Адахан Мадумаровдон ашып, кооз сүйлөгөн адат таап алды. Коомчулукта алдыдагы шайлоого катышкысы келсе, азыртадан окуп, билим ал деген сунуштар Орозайымга айтылууда. Бирок, Нарматова окуганы тууралуу маалымат бере элек.

КАНАТ ИСАЕВ

Азыркы профессионал оппозициябыз деп элдин колдоосуна алынбаган топтун арасында ушул Канат Исаев да бар. Анын да басып өткөн жолуна саресеп салсак Кыргызстан  эли үчүн кымындай да жакшы иштери көзгө көрүнбөйт, эл билбейт. Ал убагында Токмокто китепкананы сатканын чүйлүктөр унута элек, мыйзамсыз жерлерди  сатканы айтылууда, 2017-жылы бийликти басып алам деп аракет кылганы үчүн да темир тор артына  отуруп чыккан. Дагы бир кызыгы  анын туура эмес “жүрүм-туруму”  социалдык тармактарда жазылып, коомчулукта катуу талкуу болгон. Учурда аялы жогорку кеңеште  жакшынакай депутат а бул болсо оппозицияда жүргөнү күлкү келээрлик…

Кыскарта айтканда, өлкөнүн биримдигин сактоо үчүн,  ою ишке ашпай калган, бийликке жетпей калган,  кызматка илине албай калган, жеке  өзүмчүл,  ушулар сыяктуу карөзгөйлөрдүн сөзүн угуу туура эмес. Азыр опозициябыз дегендердин  саясатта басып өткөн жолун карасак,  бирөөнүн да артында Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн алгылыктуу ишин көрүүгө болбойт.  Алардын максаты бир эле, эптеп, кандай жол менен болсо да бийликке келүү.  Азыркы бийликти сындашат, бирок алгылыктуу сунуштарын да айтышкан жок. Жөн гана тээ илгеркидей “Кетсин!” деп кыйкырганы үчүн аларды эч ким ээрчибейт. Эгер ушулар чындап патриот болсо, элге күйсө,  эмне үчүн саясаты жок эле  колдон-буттан алып өлкөнү колдобойт. Ошол митинг башаламандык уюштурууга кеткен каражатын казынага салып, өлкөнүн тышкы карызын төлөөгө беришпейт? Булардын мындай арам оюн билген эл да, жаштар да колдогон жок!

Азыр  эл тынчтыкты гана каалап калышты.  Элдин бейкутчулугун, тынчтыгын  жеке кызыкчылыктары үчүн бузгусу келген оппозиция өкүлдөрүн эч ким ээрчибейт.