Бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусу болуп өттү.

Саммитке президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышты.

Өз ара саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүүдөн кийин, Консультативдик жолугушуунун жыйынында бардык мамлекеттердин лидерлери сөз сүйлөштү, анда региондун актуалдуу көйгөйлөрү белгиленип, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы мамилелерди жана бардык багыттарда регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүнү арттыруу боюнча сунуштар айтылды.

Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчылары бир катар документтерге, атап айтканда, 21-кылымда Борбордук Азияны өнүктүрүү үчүн достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге жана Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Мамлекет башчылары ошондой эле көп тараптуу форматтардын алкагында Борбордук Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүү концепциясын, Борбордук Азия үчүн “Жашыл күн тартиби” регионалдык программасын жана 2022-2024-жылдарга регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Жол картасын бекитүү чечимин кабыл алышты.

Саммит президент Садыр Жапаровдун атынан расмий сый тамак менен аяктады.